Сокулук районунун Кожомкул айылындагы №2 мектепте өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге бир нече өрт өчүрүүчү бөлүм жиберилген. Саат 12:09да от чектелген, ал эми 12:36да толугу менен өчүрүлгөн.
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, өрттөн эч ким жабыркаган эмес. Мектептин имаратына келтирилген зыян такталууда.















