Дүйнөлүк UIM F1H2O чемпионатынын пилоту Шон Торренте Кыргызстанга келгенде өлкөнүн табигый кооздугуна суктанганын айтты. Ал мурда бул эл жөнүндө анча билбей келгенин, бирок өлкөгө келээри менен өзгөчө таасир алганын белгиледи.
Флоридада жашап, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мелдештерге катышкан кесипкөй спортчу үчүн ар бир мелдеш өтө уникалдуу жана өзгөчө экенин белгиледи. Ошентсе да Кыргызстандагы акватория анын өзгөчө табигый сулуулугу менен айырмаланат.
Шон Торренте мелдешти өткөрүү Кыргызстанды эл аралык аудиторияга таанытуу үчүн жакшы платформа болгонун белгилеп, телекөрсөтүү аркылуу мелдеш 80–90 өлкөдө көрсөтүлөрүн белгиледи.



