Кыргызстанда Чолпон-Ата шаарын Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) туристтик жана маданий борбору деп тандашы улуттук деңгээлдеги маанилүү окуя болуп эсептелет.
Бул статус өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги имиджин көтөрүп, туристтерди жана инвесторлорду тартууга өбөлгө болору күтүлүүдө.
Россиядагы Кытай жана Азияны изилдөө институтунун Борбордук Азияны изилдөөлөр борборунун убактылуу жетекчиси Александр Перминовдун айтымында, мындай маанилүү имидждик иш-чара Кыргызстанга жаңы мүмкүнчүлүктөр жана инвестициялар алып келет.
Чолпон-Ата ШКУнун өлкөлөрүнүн маданий интеграциясына салым кошуп, аймакта маданий өнүгүүнү чагылдырган борбор болоору белгиленүүдө.








