Туркменистан президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстан президенти Садыр Жапаровго борбордук Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын неформалдуу консультативдик жыйынын жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз сөзүндө ал Улуттук лидер Гурбангулы Бердымухамедовдун саламын жана ийгиликтерин жеткирди.
Бердымухамедов Кыргызстандын Ысык-Көл жээгиндеги жаңы курулган объектилерин ачуусун куттуктап, заманбап инфраструктура көлдү кооздогону менен туристтик потенциалдын өнүгүшүнө чоң салым кошорун белгиледи.
Туркмен лидер Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин катышуусун кубаттап, өткөн жылы Ташкент шаарында өткөрүлгөн консультативдик жыйында Азербайжандын толук кандуу мүчөлүгү дагы бир жолу бекитилгенин эске салды.
Ал белгилегендей, 8-октябрда Түркмөнстанда өтө турган бул жыйын бул форматтын мындан ары кеңейиши жана ишинин жигердүү улантылышы үчүн маанилүү учур болуп саналат.


























