Каржы министрлигинин эсеби боюнча, сатуу салыгынан түшкөн киреше 2027-жылы 41,5 млрд сомду түзөт. Бул көрсөткүч учурдагы жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 21,2%га же 7,3 млрд сомго көп.

2028-жылы бул сумма 48,7 млрд сомго, 2029-жылы 56 млрд сомго чейин өсүшү күтүлүүдө. Министрлик үч жылдын орточо жылдык өсүү темпин 117,8% деп баалап, салыктын ИДПдагы үлүшү 1,5% чегинде болорун белгилейт.

Мыйзам долбооруна ылайык, 2027–2029-жылдары сатуу салыгы республикалык бюджетке 100% өлчөмдө чегерилет. Ал эми 2025-жылы иш жүзүндө 29,5 млрд сом чогултулган.