Республикалык бюджеттин долбоорунда 2027-жылга карата бирдиктүү салыктан түшкөн кирешенин болжолу 53 млрд сом деп көрсөтүлгөн. Бул учурдагы жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 78,9%га жогору.

Өсүш 23,4 млрд сомду түзөт. Республикалык бюджеттин салыктык кирешелеринде бирдиктүү салыктын үлүшү 7,1%дан 9,2%га чейин көтөрүлөт деп пландалууда.

Алдыдагы жылдарга карата болжолдор дагы бар: 2028-жылы 58,3 млрд сом, 2029-жылы 66,9 млрд сом түшөт деп күтүлүүдө. Ал эми 2025-жылы иш жүзүндө 28,4 млрд сом түшкөн.

Бирдиктүү салыктан кирешелердин болжолу

53млрд сом (2027-жыл)
58,3млрд сом (2028-жыл)
66,9млрд сом (2029-жыл)
28,4млрд сом (2025-жыл, факт)

Бул маалыматтар Tazabek басылмасы тарабынан республикалык бюджеттин долбооруна таянуу менен жарыяланды.