Binance биржасы пресс-релизинде белгилегендей, бүгүнкү күндө кайтаруу көрсөткүчү 90 пайызга жетти. BTC, ETH, USDT, BNB, SOL, USDC, XRP, USD1, RLUSD жана ZEC активдери толук көлөмдө камсыздалды.

Биржа жетишпеген токендерди рыноктук жана биржадан тышкаркы каналдар аркылуу сатып алууну улантат. Ар бир актив үчүн камсыздоо 100 пайызга жеткенге чейин бул иш-аракеттер токтобойт.

Компания уурдалган каражаттарга байланыштуу каржылык жоготууларды өз мойнуна аларын билдирди.

6,3 миллиард доллар болжолдуу зыян

Аналитиктердин баамында, 30-октябрга караган түнү болгон чабуулдун кесепетинен келтирилген зыян 6,3 миллиард долларды түзүшү мүмкүн. Бул окуя криптовалюта уурдоо тарыхындагы эң ири окуялардын бири болушу ыктымал.