Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынында 24-ноябрь күнү медициналык окуу жайлардын 14 жетекчисине тартиптик жаза берүү чечими кабыл алынды. Бул чара билим берүү процессинин сапатын тийиштүү деңгээлде камсыз кыла албагандыгына байланыштуу жасалды.
Минздравдын маалыматы боюнча, жаза алган мекемелер мамлекеттик аккредитацияны бир жылга гана алган уюмдар болуп саналат. Алардын ичинде медициналык колледждер, С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту жана анын түштүк филиалы, академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору, ошондой эле Улуттук эне менен баланын сактоо борбору бар.
Мындан тышкары, төрт мамлекеттик университеттин ректорлоруна медициналык факультеттердин декандарына карата тартиптик чараларды көрүү сунушталды. Бул декандардын кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы жана окутуу сапатын камсыз кыла албагандыгы менен байланыштуу.
Медициналык билим берүү уюмдарынын бардык деңгээлдерин аккредитациялоо министрлик тарабынан биринчи жолу өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында белгиленген талаптарга жооп бербеген бир катар кемчиликтер аныкталган.
Окуу жайлардын жетекчилерине окутуунун сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү, студенттердин НИСУР тутумундагы так эсебин камсыз кылуу, студенттерди кабыл алуу жана бүтүрүү динамикасын талдоо, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн максаттуу даярдыгын жана жумушка орношуусун көзөмөлдөө тапшырылды.









