Саламаттыкты сактоо министрлиги Кабинет министрлеринин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Бул демилге медициналык, фармацевтикалык жана билим берүү тармактарын жөнгө салууга багытталган. Документ жеке клиникаларды, аптекаларды жана медициналык билим берүү уюмдарын лицензиялоо, медициналык кызматкерлерге коюлуучу талаптар, клиникалык базалар жана медициналык кызмат көрсөтүү шарттарын камтыйт.

Инициативанын негизги максаты — медициналык жардамдын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу, медициналык кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү жана колдонуудагы мыйзамдардагы мүчүлүштүктөрдү жоюу болуп саналат.

Документтин долбоору лицензиялоо, мамлекеттик алымдар жана медициналык билим берүү уюмдарын аккредитациялоо менен байланышкан бир нече ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү киргизүүнү караштырууда.

Лицензиялоо талаптары катууланат

Долбоордун негизги багыттарынын бири — медициналык уюмдар үчүн кошумча лицензиялоо талаптарын белгилөө. Тактап айтканда, медициналык мекемелер дары-дармектерди, медициналык буюмдарды, материалдарды жана диагностикалык реагенттерди сактоо үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылууга милдеттендирилиши керек.

Ошондой эле, медициналык ишмердүүлүк, анын ичинде лабораториялык изилдөөлөр, лицензияда көрсөтүлгөн дарек боюнча гана жана уруксат берилген кызматтардын чегинде жүргүзүлүшү зарыл.

  • тез жардам жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн шарттардын болушу
  • хирургиялык кийлигишүүгө бейтаптын макулдугун алуу