2026-жылдын 24-ноябрында Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Анда мамлекеттик бюджеттин эсебинен билим алган студенттерди ишке орноштуруу, адистердин даярдык сапаты жана аймактарды медициналык кызматкерлер менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Медициналык билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы Асель Аблесова ординатураны жана медициналык колледждерди бүтүрүүчүлөрдүн иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасады.
2025-жылдагы ишке орноштуруу көрсөткүчтөрү
Берилген маалыматтарга таянсак, гранттык негизде окуган ординатуранын 298 бүтүрүүчүсүнүн ичинен 167 адиси алыскы аймактарда иштей баштаган. Ал эми медициналык колледждердин 1 203 бүтүрүүчүсүнүн 745 адамдары ишке орноштурулган.









