Кыргызстандагы аккредитациядан өтпөгөн медициналык окуу жайларынан аккредитациясы бар окуу жайларга которулган чет элдик студенттерге визаларды жол-жоболоштурууда жардам берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык билим берүү жана илимди лицензиялоо башкармалыгынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемесинин долбоору карап чыгуу жана бекитүү үчүн Президенттин администрациясына киргизилген. Документке ылайык, студенттерге өлкөдөн чыгуунун зарылчылыгысыз визаларды алууда көмөк көрсөтүлөт. Бул билим берүү процессинин үзгүлтүксүз болушун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Бул маселе студенттердин тынчсыздануусуна алып келген. Бишкек эл аралык медициналык институтунан Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына которулган 120 студенттин өкүлү редакцияга кайрылган.
Студенттердин айтымында, жаңы виза алуу үчүн башка өлкөгө чыгуу, ал жерде жашоо жана тамактануу үчүн кошумча чыгымдар талап кылынат. Алар Индияга кайтып кетүү коркунучу бар экенин белгилешет. Мындай жагдай окуудан калууга, клиникалык практиканы жана экзамендерди өткөрбөй калууга алып келиши мүмкүн.










