Кыргызстанда биринчи жолу медициналык кесиптик орто окуу жайларына мамлекеттик аккредитация жүргүзүлдү. Бул процесс 22-июньден 3-июлга чейин жүрдү жана анда бардык өлкөдөгү медициналык колледждердин ишмердүүлүгү каралды.
Эксперттер комиссиясы медициналык билим берүүнүн мамлекеттик талаптарына жана стандарттарына ылайык өзгөчө көңүлдү даярдоонун сапатына, кадрлар менен камсыздоого, материалдык-техникалык базаны, окуу-методикалык камсыздоону, ошондой эле билимдин ички сапатын башкаруу системасынын натыйжалуулугун текшерүүгө бөлүштү.
6 жылга аккредиттелген медициналык колледждер
- Таластын медициналык колледжи
- Нарын медициналык колледжи
- Майлуу-Сууй медициналык колледжи
- Кызыл-Кыя медициналык колледжи
- И.К. Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжи
- С.Тентишев атындагы Азия медициналык университетинин медициналык колледжи
- Коомдук жогорку медициналык мектебинин Орто медициналык билим берүү борбору
1 жылга аккредиттелген медициналык колледждер
- Бишкек медициналык колледжи
- Билим берүүдө заманбап маалымат технологиялары институтунун медициналык колледжи
- Кыргызстандын Эл аралык университетинин окуу-илимий өндүрүш комплексинин медициналык бөлүмү
- Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжи
- К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин окуу-илимий өндүрүш комплекси
Аккредитациялоо комиссиясынын чечими 8-июлда Аккредитациялык кеңештин жыйынында кабыл алынды. Бул процедура өлкөдөгү медициналык кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

















