Жетүү-Өгүз жана Тон районунун тургундары менен жолугушууда мамлекет башчы жер участокторун узак мөөнөткө ижарага берүү тартибин өзгөртүү сунушталып жатканын айтты.
Жаңы тартип боюнча жерди алгач 10 жылга бөлүү, андан кийин аны иштеп чыгуу шарттары менен 25 жылга, андан соң 49 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул өзгөрүүлөр жерди пайдалануучулар анын үстүндө иш жүргүзбөй, ондогон жылдар бою жөн гана кармап туруусуна жол бербөө үчүн зарыл.
Кээ бир адамдар 50 гектар жерди 49 жылга алып, 10, 15, атүгүл 30 жыл бою эч нерсе кылбай, инвесторлорду издеп же пайдалануу укугун башкаларга кайра сатышат. Бири экинчиге сатат, экинчиси үчүнчүгө сатат. Ошентип, жерди өздөштүрбөй эле акча табууда.
Президент жаңы эрежелер жерди пайдалануунун жыйынтыктарына жараша ижара мөөнөтүн этап-этабы менен узартууну камтыйт деп белгиледи.
Документтен
Жерди алсаң — өздөштүр. Пансионат кукуң келсе — куру, алма отургузууң келсе — отургуз. Жерди 10–15 жыл эч нерсе кылбай жөн гана кармап тура албайбыз. Жер азайып, калк көбөйүп жатат, ошондуктан мамлекет чексиз күтө албайт.
Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундардын бири бир гектар жерде ондон ашык дехкан иштеп жатканын, ал жерде малина өстүрүлүп жана бакча түзүлгөнүн айтты. Бул продукциялар Дархан жана Покровка айылдарында сатылууда.















