Президент Садыр Жапаров реабилитациялык борборлорду куруу иштери облус борборлору менен чектелбестен, райондук деңгээлге чейин кеңейтирилерин айтты. Бул демилге өлкө боюнча бардык аймактарды камтууну көздөйт.
Биз Бишкекте, Ошто жана облус борборлорунда реабилитациялык борборлорду куруп жатабыз. Ошондой эле райондук борборлорго чейин жетебиз.
Тон жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары менен болгон жолугушууда Иссык-Көл облусунан келген Жанар Токтосунова өз сунушун билдирди. Ал аутизм, сүйлөө өнүгүүсүнүн кечигүүсү (ЗРР), өнүгүүсүнүн артта калуусу (ЗПР) жана Даун синдрому бар балдар менен иштеген адис экенин айтып, Каракол шаарында мындай борборду ачууну суранды. Анын айтымында, Иссык-Көл облусунда мындай диагнозу бар балдардын саны көп.
Кээ бир үй-бүлөлөрдө экиден төрткө чейин бала бар, мунун себебинен ажырашуу учурлары көбөйүүдө. Эгер бала менен кичинекей кезинен алек болсо, аны оорудан чыгаруу мүмкүнчүлүгү жогорулайт, мамлекетке да жеңил болот. Эгер бул диагноздорду алдын ала алсак, балдарга, ата-энелерге жана мамлекетке оңой болот.
Президент бул сунушту колдоп, азыркы учурда борборлордун курулушу Бишкек, Ош жана облус борборлорунда жүрүп жатканын белгиледи.
















