Кыргызстан президенти Садыр Жапаров өлкөнүн жери сатылбай турганын баса белгиледи. Ал өлкөнүн жалпы аянты такталган соң 20 миллион 9 миң 572 гектарга жетип, анын 94,4% тоолуу аймак экенин айтты.

Анын айтымында, айыл чарба жерлеринин жалпы аянты 6 миллион 732 миӊ гектар болсо, 18 миллион 698 миӊ гектардан ашугу мамлекет жана жергиликтүү бийликке таандык.

Инвестициялык долбоорлор үчүн бөлүнгөн жерлер фабрикаларды, өнөр жай жайларын, логистикалык борборлорду, энергетикалык долбоорлорду жана туризм багытындагы аянттарды курууга арналган.

Жапаров аталган долбоорлор миңдеген жумуш орундарын түзүп, жүздөгөн миллион доллардан бир нече миллиард долларга чейинки инвестицияларды тартууга үмүттөнүлгөнүн белгиледи.

Бирок көпчүлүк ижарачылар 49 жылга берилген жерлерде курулушту баштабаганын, айрым учурларда жерлер кайра сатылып же башка максатта колдонулганын билдирди.

Президент мыйзамдарды кайра карап чыгуу зарылдыгын, инвесторлор милдеттерин аткарбаса, келишимдерди жоюу жана жерди мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүшү керектигин айтты.

"Биз жерибизди сатпайбыз. Бирок инвестиция тартпай туруп өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу мүмкүн эмес"
Садыр Жапаров