Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жердин узак мөөнөткө чет элдик инвесторлорго ижарага берилүүсү тууралуу көпчүлүктү тынчтандыруу максатында интервью берди.
Ал бул механизмдин жаңы эмес, мурдадан келе жаткан практика экенин белгиледи. Жер чет элдик жеке менчикке чыкпай, мамлекеттин менчигинде кала берет.
Эгерде инвестор келишимдин шарттарын аткарбаса, анда жер кайрадан мамлекетке кайтарылат.
Ошондой эле мамлекет чек арадагы жана айыл чарба жерлерин сырттан келген тараптарга ижарага бербей турганын баса белгиледи.
Жапаров мамлекеттик инвестициялык долбоорлор боюнча көзөмөл күчөтүлөрүн, алгачкы максат — иш орундарды түзүү жана бюджетке салым кошуу экенин айтты.
Ошондой эле ал чет элдик инвесторлордун жерди залог катары колдонуп алган учурлары болмок эмес экенин белгиледи.
Мамлекет чет элдик жумушчулар мыйзам бузса, аларды өлкөдөн чыгаруу аракетин күчөтүүдө.
































