Араван районунда 12-ноябрда азык-түлүк жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жарманкени Араван районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгы уюштурду. Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чаранын негизги максаты — фермерлерге жана айыл чарба өндүрүүчүлөргө өз продукцияларын арачысыз, түздөн-түз керектөөчүлөргө сатуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.
Айыл чарба министрлигинин айтымында, бул демилге фермерлерди колдоого, өндүрүүчүлөрдүн кирешесин жогорулатууга жана калкты жаңы, жеткиликтүү азык-түлүктөр менен камсыз кылууга багытталган.






