Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, октябрь айынын 25-де, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021-2026-жылдар мезгили үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландары менен таанышты. Мамлекет башчысына райондун өнөр жай тармагындагы өндүрүш көлөмүнүн өсүшү байкалууда деп маалымдашты. 2021-жылы бул көрсөткүч 4,4 млрд сомду түзүп, 2025-жылы 145,6%га өсүп, 10,9 млрд сомго жеткен. Ошондой эле, 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 12,5 млрд сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө.

СторисКыргызстан Президенти Ала-Бука районунун өнүгүү планын карап чыктыСлайддар: 6