Чүй облусунда жакынкы жылдардын ичинде таштанды полигондорун жоюу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу президента Садыр Жапаров Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты.

Келечекте бул жерде таштанды полигондору калбайт, биз аларды толугу менен тазалайбыз. Таштандыларды кысып, Бишкектеги заводго чыгарабыз.
Садыр Жапаров

Мамлекет башчысынын айтымында, таштандыларды чыгаруу эки багыт аркылуу — Кемин жана Чалдавар тараптан уюштурулат. Бул максатты ишке ашыруу үчүн Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун кубаттуулугу кеңейтүлүүдө.