Президент Садыр Жапаров 5-октябрда «Бишкек Аренанын» ачылыш аземине катышып, акыркы алты жылда өлкөдө 521 завод жана фабрика курулганын билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, ушул эле мезгил аралыгында 1075 имарат — мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият үйлөрү жана башка объектилер, анын ичинде «Бишкек Арена» да курулган.
Президент 2020-жылдын аягында бийликке келгенде бюджет начар абалда болгонун, тышкы мамлекеттик карызды төлөө жолдорун издешкенин эске салды.
Анын айтымында, 2021-жылдын аягына карата бюджет 187 миллиард сом таза киреше менен камсыздалып, ички дүң продукт 9%дан кем эмес өсө баштаган. Бул өсүш акыркы 4–5 жылдан бери токтобой келе жатат.
Жапаров чет элдик ЖМКлар Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы башталган Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам экспорттун эсебинен өсүп жатат деп жазышканын, бирок бул туура эмес экенин баса белгиледи.
Президент мындан ары да ушундай стадиондорду курууну, спутниктерди учурууну, завод-фабрикаларды жана социалдык объектилерди — мектептерди, бала бакчаларды курууну пландап жатканын кошумчалады.





















