Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетине караштуу улуттук инвестициялык жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия «КРнын ягода экспорттук кластерин түзүү» долбоорун улуттук инвестициялык долбоор катары тааныды.

Долбоорду координациялоо милдети Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жүктөлгөн. Бул статус долбоорду ишке ашыруучу компанияларга Кабмин тарабынан бекитилген регламентке ылайык, салыктарды төлөөдө жеңилдиктерди алууга укук берет.

Комиссиянын ишин Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жетектейт, ал эми комиссиянын орун басары Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков болуп саналат.

Чүй облусундагы ягода өндүрүшү

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Чүй облусундагы ягода түшүмү жалпы республикалык көлөмдүн болжол менен жарымын түзөт. Төмөндөгүдө облустагы өндүрүш боюнча маалыматтар келтирилген:

Чүй облусундагы көрсөткүчтөр

16,7миң тонна ягода түшүмү
2,5миң гектар аянты
10,1миң тонна кулпунай

Аталган аянттын ичинен 1,4 миң гектары кулпунай өстүрүүгө жумшалган жана жалпы түшүмдүн негизги бөлүгүн ушул кулпунай түзөт.