11-ноябрда Москва шаарында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү. Мында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров өз сөзүнө Россия Федерациясынын уюмга төрагалык кылган мезгилдеги иштерине токтолуп, коопсуздукту биргелешип камсыз кылуунун зарылдыгын айтты.
Мамлекет башчысы кыргыз аскер кызматчыларынын өткөн жылы Казакстан, Россия, Беларуссия жана Тажикстанда өткөрүлгөн биргелешкен аскердик машыгууларга жигердүү катышканын белгиледи. Ошондой эле, август айында Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” окуу-машыгуу борборунун базасында “Борбор” биргелешкен аскердик машыгуулары өткөнүн кошумчалады.
Садыр Жапаров мындай иш-чаралар күчтөрдүн даярдыгын жана өз ара шайкеш аракеттенүүсүн жогорулатуу үчүн маанилүү экенин баса белгилеп, Кыргызстан 2027-жылы ЖККУнун биргелешкен иш-чараларын өткөрүүгө даяр экендигин ырастады.
Президент эл аралык терроризм, экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп, компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо керектигин айтты.












