Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага келди, - деп билдирди Кыргызстандын Президентинин администрациясы.
Президенттин учагы Москвадагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна учуп келди. Аэропортто аны Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.
Кеңештин жыйынынын алкагында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери эл аралык жана регионалдык коопсуздукка тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулашат. Ошондой эле уюмдун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча андан аркы чаралар каралат.









