Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Москвада өтө турган Коллективдик коопсуздук келишимин тууралуу уюмдун (ОДКБ) Коллективдик коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул иш сапардын алкагында мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулашат.
Жыйында ОДКБнын сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана коллективдик коопсуздукту чыңдоо боюнча андан аркы чаралар каралат. Өзгөчө теракттерге жана экстремизмге каршы күрөшүү, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү маселелерине көңүл бурулат.
Саммиттин жыйынтыгында бир катар маанилүү документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Алардын ичинде ОДКБнын Коллективдик коопсуздук кеңешинин декларациясы жана Коллективдик коопсуздук келишимин кол коюунун 35 жылдыгына жана ОДКБнын 25 жылдыгына арналган иш-чаралардын планы бар.
- 10-11-ноябрь — Москвада ОДКБнын Коллективдик коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт













