президента Садыр Жапаров Чүй облусунун Петропавловка айылында жайгашкан Василий Лобков атындагы Тарыхый-чарбалык элдик музейдин абалы боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө буйрук берди. Музейдин абалы тууралуу маселени анын директору Орзохан Усеналиев көтөрүп, имаратты оңдоо үчүн смета даяр болгонун, бирок иштерди жүргүзүү үчүн каржылоо керектигин белгиледи.

Маданият министри музей муниципалдык баланста турганын тактады. Ушундан кийин президент бул маселени биргелешип изилдеп, имаратты капиталдык оңдоо боюнча сунуш даярдоосун тапшырды.

Эгерде имарат 1950-жылдарда курулган болсо, анда келерки жылга капиталдык оңдоо боюнча сунуш киргизүү керек.
Садыр Жапаров

Музейдин оңдоо иштери 2027-жылдын пландарына киргизилиши каралууда.