Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин имараты 1930-жылдары курулган жана Советтер Союзунун доорундагы өлкөнүн биринчи «Ак үйү» катары таанылган. Акыркы 50-60 жыл ичинде имаратта капитальный оңдоо жүргүзүлбөгөн, болгону косметикалык ремонтор болгон.
Көп жылдар ичинде бир топ жерлерде жыгач балкалар бузулуп, дубалдар дагы кемчиликтүү абалда болчу. Капитальный оңдоп-түзөө учурунда бул кемчиликтер жойулат, электр зымдары алмаштырылат, өрттөн коргоо сигнализациясы жана желдетүү тутуму орнотулат.
Учурда министрликтин борбордук аппаратынын 118 кызматкери үч башка жайга бөлүнгөн: алардын көпчүлүгү Улуттук тарых музейинин кичи конференц-залында, айрымдары Баялинов атындагы китепканада, дагы бир бөлүгү Кино үйүндө иштеп жатат.
Ведомство жетекчиси Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, имараттын курулушу сакталат, олуттуу конструктивдик өзгөртүүлөр пландалган жок. Айрыкча чатырды оңдоо, куполдун көлөмүн чоңойтуу иштери жүрүп жатат.
Ремонт иштери сентябрдын ортосуна чейин бүткөрүлүп, кызматкерлер жаңы оңдолгон имаратта ишин улантат деген үмүт бар.















