Садыр Жапаров Кара-Балта, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда бир ЖЧКнын жетекчисинин кайрылуусун укту. Ишкердин айтымында, компания Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык жол курулуш башкармалыгы менен келишим түзгөн.

Тез арада текшерүү жүргүзүп, бул маселеге чекит коюңуздар. Бул кишиге акчасын төлөп бериңиздер.
Садыр Жапаров
  1. 2025-жыл, 12-июнь

    Муниципалдык башкармалык менен келишим түзүлгөн

  2. 2025-жыл, 22-август

    Электр линиясын өткөрүү жана трансформаторду орнотуу иштери толук бүткөн

  3. Азыркы учур

    Төлөм жүргүзүлө элек

Келишимдин шарттарына ылайык, уюм асфальт-бетон заводуна электр линиясын өткөрүп берүү милдеттенмесин алган. Ишкер өз каражатынын эсебинен бардык иштерди аяктап, объектти пайдаланууга тапшырган.

24 749 000 сом келишимдин суммасы

Ишкер аткарылган иштер үчүн төлөнө элек каражаттын өлчөмүн белгиледи.

Энергетика министрлигинин өкүлү бул кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жергиликтүү бийлик органы менен жеке ишкер асфальт-бетон заводунун электр менен камсыздоосу боюнча түздөн-түз келишим түзкөнүн айтты. Учурда аткарылган иштин көлөмү үчүн төлөм жүргүзүлбөй жаткандыгы тастыкталды.