Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун аймактары менен таанышуу иш сапарын улантууда. Иш сапардын алкагында президентке Кара-Балта, Жайыл, Панфилов жана Москва райондорунун акыркы беш жылдагы өнүгүү көрсөткүчтөрү боюнча отчет берилди.

Беш жыл ичинде аталган райондордо жаңы ишканалар ачылып, социалдык объекттер курулуп, жолдор жана суу түтүктөрү жаңыланган. Ошондой эле мамлекет башчысына ири инвестициялык долбоорлор сунушталды.