Президенттин Администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы алгач Аламүдүн районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган инвестициялык долбоорлор, учурдагы көйгөйлөр жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты.

Андан соң Садыр Жапаров Сокулук районундагы көрсөткүчтөрдү карап чыкты. Мамлекет башчысына берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдан 2026-жылдын сентябрына чейин райондо 41 ири ишкана, ошондой эле чакан жана орто бизнестин 189 субъекти ачылган.

Сокулук районундагы негизги көрсөткүчтөр

41ири ишкана ачылган
189чакан жана орто бизнес субъекти
5,8 эсежумуш орундарынын өсүшү
21,4 МВттөрт чакан ГЭСтин жалпы кубаттуулугу
167 кмасфальт төшөлгөн жол
27 кмкурулган тротуар
26айылда «Тунук Суу» долбоору ишке ашырылууда

Жумуш орундарынын саны 5,8 эсеге көбөйгөн. Ири инвестициялык долбоорлордун катарында «Манас Моторс» авто-логистикалык борбору, «Айнекстан» эшик-терезе өндүрүүчү заводу, «Биовит» фармацевтикалык заводу жана «Вилби» балыкты кайра иштетүү ишканасы белгиленди.

Келечекте логистикалык борборлорду, ошондой эле мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүчү заводду куруу пландалууда. Энергетика тармагында 2021–2026-жылдары жалпы кубаттуулугу 21,4 МВт болгон төрт чакан гидроэлектр станциясы пайдаланууга берилди. Ошол эле мезгилде 167 км автомобиль жолуна асфальт төшөлүп, 27 км тротуар курулган.

Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуу жана санитария тутумдарын өнүктүрүү максатында 26 айылда «Тунук Суу» долбоору ишке ашырылууда. Мамлекеттик лизинг компаниясынын колдоосу менен муниципалдык ишканалар үчүн 31 техника, айыл чарба тармагы үчүн 116 техника сатып алынган.

Президент Садыр Жапаров райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди. Мамлекет башчысы инфраструктуралык долбоорлорду өз убагында ишке ашырууну жана калктын жашоо шартын жакшыртуу боюнча иштерди улантууну тапшырды.