Европадагы рекорддук жайкы ысыктын кесепети өтө олуттуу болуп жатат. Австриянын Алльгой Альп тоолорундагы Шварцмильцфернер мөңгүсү активдүү статусун жоготуп, кыймылы токтоду. Бул тууралуу Bild басылмасы билдирди.

2026-жылдын жайкы аномалдуу ысыгынын таасиринен мөңгүлүнүн калыңдыгы төрт метрге азайган, ал эми көлөмү болжол менен эки эсе кыскарган. Мөңгү өз салмагынын астында төмөн карай жыла албай калгандыктан, окумуштуулар аны эми активдүү мөңгү деп эсептебейт.

4метр
2эсе
2060-2070жылдарына чейин
Учурдагы абалды эске алсак, Чыгыш Альп тоолору 2060–2070-жылдарга чейин бардык мөңгүлөрүн жоготуп калат деп күтөм.
Кристоф Майер, Бавария илимдер академиясынын гляциологу

Баваррия илимдер академиясынын гляциологу Кристоф Майердин белгилегендей, кышында көп кар жааса да, Альп тоолорундагы муз массасынын жоголушун толук калыбына келтире албайт. Бул жылы Европадагы аномалдуу ысык регион үчүн байкалган эң күчтүү кубулуш болду.

Июль айында Испания, Франция, Германия, Австрия жана Венгрия өлкөлөрүндө топурактын нымдуулугу 1979-жылдан бери эң төмүнкү деңгээлге жетти. Ошондой эле Рейн жана Дунай сыяктуу ири дарыялардын агымы нормадан бир топ төмөн болду.