Президент Садыр Жапаров аялдарды катталбаган никеде жашабай, мамилелерди расмий түрдө каттоого чакырды. Бул тууралуу ал Сокулук районунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты. Жолугушууда жергиликтүү тургун, жарандык күйөөсү менен ажырашкандан кийин мүлк бөлүштүрүү жана алимент төлөтүү маселесин чече албай жаткан аял кайрылган.
Жаңы-Жер айылынын тургуну 2018-жылдан 2024-жылга чейин эркек менен расмий никеге турбай жашаганын айтып берди. Жубайлардын үч баласы бар. Аялдын айтымында, алар Орусияда чогуу иштеп, акча табышкан, ал эми эркек акчаны атасына которуп турган.
Аял мурдагы жарандык өнөктөшүнүн атына эки унаа жана мал катталганын, алар орток тапкан каражатка сатылып алынганын билдирди. 2024-жылы ал үй сатып алууну сунуштаган, бирок эркек нике күбөлүгү жок болгондуктан, мүлккө доомат коё албай турганын айтып баш тарткан.
Эми аял бирге жашаган жылдарда тапкан акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү, ошондой эле балдарга алимент төлөп берүүнү камсыздоону суранат.
Садыр Жапаров аялдын кайрылуусуна жооп берип жатып, расмий катталган никеде тийиштүү органдарга алимент өндүрүүнү жана мүлктү бөлүштүрүү маселесин тапшырууга болорун белгиледи.
Президент аялдарды жарандык никени унутуп, мамилелерди расмий каттоого чакырды. Ал мыйзамдуу нике аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого кепилдик берерин баса белгиледи.











