Чүй облусунун Сокулук районунда президент Садыр Жапаров менен жолугушууга катышууну каалагандар абдан көп чогулду. Социалдык тармактарда элдин көп чогулганы тартылган видео тарады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мамлекет башчысы менен жолугушууну каалагандардын саны ушунчалык көп болгондуктан, бардыгы жолугушуу өтүп жаткан бөлмөгө кире алган эмес.

Президенттин администрациясынын кызматкерлери жарандардан жазуу жүзүндөгү кайрылууларды жана арыздарды кабыл алышууда. Тургундарга бардык чогулган каттар мамлекет башчысына өткөрүлөөрү айтылды. Ошондой эле ар кандай маселелер боюнча консультация берген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да иштеп жатышат.

Региондорду кыдыруунун экинчи айлампасы

Бүгүн эртең менен Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушса, түштөн кийин Сокулукка келди. Мамлекет башчысы өлкө аймактарын кыдыруунун экинчи айлампасын улантып, калк менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Жарандар президентке ар кандай көйгөйлөрү жана суроолору менен кайрылып, айрымдары башка райондордон да атайын келишүүдө.

Бардык чогулган каттар мамлекет башчысына өткөрүлөт.
Президенттин администрациясынын кызматкерлери жарандарга билдиришти