Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчётко ылайык, Каржы министрлиги тогуз ай ичинде бюджеттик ссуда жана кредиттер боюнча пайыздардан 4,7 млрд сом киреше алды. Бул тууралуу ведомствонун отчетунда айтылат.
2025-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу бул статья боюнча киреше 2,9 млрд сомго же 2,6 эсеге көбөйгөн.
Белгилей кетсек, 2026-жылга республикалык бюджетти бекитүүдө Каржы министрлиги берилген бюджеттик ссуда жана кредиттер боюнча пайыздык кирешени 1,5 млрд сом деп болжолдогон. Такталган бюджеттин долбоорунда бул статья боюнча кирешенин болжолу 4,4 млрд сомго чейин көтөрүлгөн.
Негизги көрсөткүчтөр














