Борбордук Азия өлкөлөрү интеграция боюнча артта калып жатканын НАН КРдин мүчө-корреспонденти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумабек Жаилов билдирди.

Ал экономикалык системанын трансформациясына байланыштуу өлкөлөр өзүнчө өнүгүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыктан, тереңирээк интеграция зарыл деп эсептейт.

Жаилов бул аймакта транзиттик, инфраструктуралык жана техникалык жөнгө салуу көйгөйлөрү сакталып жатканын айтты. Муну Европалык Биримдиктегидей бирдей механизмдер менен чечүү керек.

Азыркы учурда өлкөлөр негизинен эки тараптуу келишимдер менен гана иш алып барышат, ал эми көп тараптуу келишимдерди түзүү муктаждыгы бар.

Борбордук Азияда кара май, газ, алтын, уран жана башка керектүү материалдардын көлөмдүү запастары бар. Мындан сырткары калктын өсүшү жана эмгек ресурстары да өбөлгө болуп жатат.

Кыргызстан менен Тажикстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрү чет өлкөлүк инвестицияларды тартып, экономиканы өнүктүрүүгө чоң салым кошууга шарт түзөт.