Президент Садыр Жапаров өткөн аптада Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары учурунда жергиликтүү жетекчилердин ишине нааразычылык билдирип, жылдын аягында кадрдык өзгөрүүлөргө барарын жарыялаган болчу. Бул жагдай темага байланыштуу талкууларды жаратты.
Эл өкүлү Гүлшаркан Култаева жергиликтүү жетекчилердин ишин гана күнөөлөө туура эмес экенин белгиледи. Ал боюнча, маселе кадрлардын сапаты менен гана чектелбестен, башкаруу системасынын түзүлүшүндө да жатат.
Менин баамымда, көпчүлүк чечимдер борборлоштурулган. Айыл деңгээлиндеги маселени район менен, район облус менен, айрым учурда борбордук органдар менен макулдашууга туура келет. Мындай көп баскычтуу макулдашуу убакытты алып, эл күтүп жаткан маселелердин чечилишин создуктурат.
Култаеванын айтымында, макулдашуулардын көп баскычтуулугу элдин муктаждыктарын тез арада чечүүгө тоскоолдук кылууда. Ошондуктан, жетекчилерден жыйынтык талап кылуу менен бирге, алардын колунда жетиштүү ыйгарым укук жана каржылык мүмкүнчүлүк бар экенин да эске алуу зарыл.
Андан сырткары, ал жоопкерчилик менен мүмкүнчүлүктүн паритетүү болушу керектигин жана күчтүү кадрларды жергиликтүү деңгээлге тартуу маселеси актуалдуу экенин баса белгиледи.











