Тандоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (Тандоо БК) 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоонун алдын ала тизмесин жарыялады. Тандоо БКнын билдирүүсүнө ылайык, тизмеге жалпысынан 4 миллион 467 миң 40 шайлоочу кирген.

Шайлоо боюнча маалыматтар

4 467 040шайлоочулардын саны
2 492шайлоочу участоктору

Тизмелерди «Кызмат» мамлекеттик мекемеси калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын негизинде түздү. Кагаз түрүндөгү тизмелер 2026-жылдын 18-ноябрына чейин республика боюнча 2 492 шайлоочу участогуна илинип коюлат. Ошондой эле маалыматтар tizme.gov.kg порталында жеткиликтүү.

Ранее по темеИсхак Масалиев президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Тандоо БК маалыматтарды тактоо максатында «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте тизмелерди күн сайын жаңылап турууну пландаштырып жатат.

Тизмеден кантип текшерсе болот?

Жарандар өзүнүн маалыматтарын 2027-жылдын 12-январына чейин төмөнкү жолдор менен текшере алышат:

  • Тандоочу участогуна кайрылуу менен;
  • tizme.gov.kg порталы аркылуу;
  • 1255 же 119 кыска номерлерине чалуу менен;
  • 119 номерине ПИН-кодду СМС аркылуу жөнөтүү менен (жооп иретинде участоктун номери жана дареги келет).