Президент Садыр Жапаров «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясы билдирди.
Аталган мыйзам 2026-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган болчу. Мыйзамдын негизги максаты — мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан электрондук кайрылууларды кароо тартибин жакшыртуу.
- Мамлекеттик электрондук билдирүү системасы, башка маалыматтык системалар, расмий сайт жана расмий электрондук почта аркылуу келген электрондук кайрылуулар белгиленген тартипте каралат.
- Электрондук кайрылууга жооп электрондук документ жүгүртүү системасында түзүлүп, электрондук кол коюу менен бекитилет жана жарандын кайрылууда көрсөтүлгөн электрондук дарегине жөнөтүлөт.
- Эгерде кайрылууда электрондук дарек көрсөтүлбөсө, жооп кайрылуу келген электрондук дарекке мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий электрондук почтасы аркылуу жөнөтүлөт.
- Эгерде жаран кайрылуусунда жоопту почта дарегине жөнөтүүнү суранса, анда жооп кагаз түрүндө гана жөнөтүлөт.
- Мамлекеттик бийлик органдары, жергилүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары жарандарды кайрылууну кароонун жыйынтыгы жана кабыл алынган чечим тууралуу маалымдоо милдеттүү болушу керек.
Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөгү санариптик процесстерди тездетүүгө жана жарандар менен өз ара аракеттенүүнү натыйжалуу кылууга шарт түзөт.







