2027-жылы өтө турган президенттик шайлоодо кол топтоонун жаңы электрондук ыкмасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын орун басары Лейла Лурова маалымдады.

Жаңы система талапкерлерге кол топтоо процессин оңойлотуп, кол коюу барактарын басып чыгарып, кошумча чыгым тартууга муктаждыкты жоюшу күтүлүүдө.

Жарандар эми каалаган талапкерди колдоону онлайн жүргүзүп, убактысын үнөмдөй ала турган болушат.

Маалыматтардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, идентификация корголгон мамлекеттик серверлер, криптографиялык шифрлөө жана бир жолу колдонулуучу коддор аркылуу сакталат.

Бул жаңылык шайлоо мыйзамына киргизилип, шайлоо процесси заманбап технологиялар менен жакшыртууну көздөйт.