Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлерди каттоо алкагында жарандарга электрондук кол тамга менен билдирмеге кол коюу мүмкүнчүлүгү берилди. Бул процедура «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырылат, деп билдирди Бишкек мэриясынын пресс-кызматы.

Мэриянын маалыматы боюнча, бул иш-аракет шайлоо доорүндөгү добуш берүү процесси эмес. Электрондук кол тамга коюу — талапкерди каттоо жана шайлоого киргизүү үчүн мыйзамда каралган талаптардын бири.

Тургундар 2026-жылдын 8-декабрына чейин бир же бир нече талапкерди тандап, аларды колдоого алса болот.

Бул процедура добуш берүү болуп эсептелбейт. Электрондук кол тамга менен талапкерди колдоо — анын каттоосу жана Президенттик шайлоого катышуусу үчүн мыйзамда каралган талаптардын бири.
Бишкек мэриясынын пресс-кызматы