2026-жылдын 25-ноябрында Ленин райондук муниципалдык администрациясынын жетекчисинин орун басары Нурсултан Бейшенбек уулу тиешелүү түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен биргеликте Орок айылынын №105, 106, 107 жана 166-контурларында жашаган жарандарды кабыл алды.
Тургундар аталган контурлордо жайгашкан жер участокторун мыйзамдаштыруу маселеси боюнча кайрылышкан. Учурда бул багытта зарыл болгон материалдарды даярдоо иштери жүрүп жатат деп билдирди Нурсултан Бейшенбек уулу.
Ошондой эле Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан курулуш схемасы Ленин районунун жер амнистиясы боюнча комиссиясы тарабынан бекитилет.
Даярдалган бардык документтер жакынкы арада комиссиянын кезектеги жыйынынын кароосуна киргизилет.






