Президенттик шайлоого чейинки маанилүү этап болгон кол коюуларды чогултуу мөөнөтү аяктап жатат. Бул учурда мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери өз кызматкерлерине бул процесс тууралуу так маалымат берип, шарт түзүп берүүсү зарыл деп белгиледи.

Аскат Алагозовдун айтымында, эгерде талапкерлер зарыл болгон 30 миң колду чогулта албаса, алар бул маселени саясий курал катары колдонуп, бийлик тоскоолдук жаратты деп айтышы мүмкүн. Бирок «Түндүк» тиркемесинде эч кимге талапкерлерге тоскоолдук кылууга мүмкүнчүлүк жок.

Түндүк тиркемесинде эч ким талапкерлерге тоскоолдук кыла албайт. Кол коюучулардын тизмеси талапкердин өзүнөн башка эч кимге жеткирилбейт.
Аскат Алагозов

Кол коюу процесси боюнча маанилүү маалыматтар төмөндөгүдөй:

  • 8-декабрга чейин кол коюуга мүмкүн
  • Бир эле учурда бир нече талапкерге кол коюуга болот
  • Бул шайлоо эмес, талапкерди каттоо шарты