2026-жылдын 25-ноябрында Ленин райондук акимдиги тарабынан өткөрүлгөн рейддин алкагында талаптарды сактабай орнотулган баннерлер жана жарнамалык түзүлүштөр аныкталып, алынды. Бул иш-чаралар Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнда ишке ашырылды.

Рейд учурунда муниципалдык администрациянын өкүлдөрү, жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, архитектура органдары жана №105 МТУнун кызматкерлери катышышты.

Мэриянын маалыматы боюнча, бул иш-чаралар шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, сырткы жарнамаларды иретке келтирүү жана көрктөндүрүү ченемдеринин сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер улантыла берет.