Ала-Бука жана Т.Балтагулов аймактарынын калкы менен өткөн жолугушуу учурунда Дилдора Хамидова өзүнүн арызын билдирди. Анын айтымында, ал жана күйөөсү Россияда эмгектенип, Ак-Там айылында эки кабаттуу үй курушкан. Бирок азыркы учурда ал үй аялдын кайын атасынын уулуна берилип калган.

Жер тилкесин күйөөмдүн тууганынан бөлүп алып, акысын бөлүп төлөгөнбүз. Күйөөмдүн майыптыгы бар, ал Россияда дарыланганда биз бирге иштеп, үй курганбыз. Бирок ата-энеси үйүн кайын атасынын уулуна берип коюшту, ал эми биз сыртта калдык. Акыркы бир жылдан бери бизди үйгө киргизбей жатышат. Өзүбүз курган үйүбүздү кайтарып берүүгө жардам бериңиздер деп суранам.
Дилдора Хамидова

Бул маселе боюнча Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Жыпар Сабырова сотко кайрылуу тартиби боюнча түшүндүрмө берди. Ал убагында кайрылбаса, мөөнөт өтүп кеткенден кийин иштин татаалдашы мүмкүн экенин белгиледи.