Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили 2-ноябрда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев тосуп алды.
Сапардын алкагында Шалва Папуашвили жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Бүгүн, 3-ноябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кыргыз парламентинин имаратында мейманды тосуп алып, аны парламент музейи жана чакан жыйындар залы менен тааныштырды.
Андан соң тараптар кеңейтилген курамда жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев Кыргызстан Грузия менен достукка жана өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ал транзит, логистика, инвестиция жана туризм тармактарында тажрыйба алмашууга, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча биргеликте иштөөгө даяр экенин айтты.
Практикалык кадам катары профилдик комитеттердин жана достук топторунун алкагында тыгыз байланышты, ошондой эле эл аралык аянтчалардагы кызматташууну улантуу зарылдыгын белгиледи.
























