Транспорт прокуратурасы мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө тартибиндеги мыйзамдардын аткарылышын текшерүүдөн өткөрдү. Бул иш-чаралар социалдык коргоо чөйрөсүндөгү укук бузууларды аныктоо максатында өткөрүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунда билим алып жаткан жашы жете элек Ж. Н. аттуу жарандын укугу бузулганы белгиленди. Ал ата-энесинен ажырап, багуучусунан айрылгандыгына карабастан, тиешелүү жөлөкпулдарды алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылып калган.

Прокуратура тарабынан ыкчам чаралар көрүлгөндөн кийин, студент кыздын мамлекеттик жөлөкпул алуу укугу калыбына келтирилди.