Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун тургундары менен болгон жолугушууда жарандарды жер участокторун сатып алардан мурун алардын максаттуу багытын текшерүүгө чакырды. Ал айыл чарба багытындагы жерлерде турак үй курууга болбой турганын, мындай жерлер айыл чарбасы үчүн сакталышы зарылдыгын белгиледи.
Айыл чарба багытындагы жерлерде үй курууга болбойт. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү, алардын арыздарын кабыл алып, ипотека менен турак жай берүү мүмкүнчүлүгүн карап көргүлө. Жер болсо айыл чарба багытында кала берсин.
Жолугушууда мамлекет башчысына Шопоков шаарында 2016-жылы сатылып алынган жер участоктору боюнча көйгөй менен кайрылган аялдын маселеси көтөрүлдү. Анын айтымында, 30га жакын адам участок сатып алышкан, бирок кийинчерээк ал жерлер айыл чарба багытындагы жерлер экени аныкталган.
2017-жылы соттун чечими менен айрым участоктордо курулган үйлөр бузулуп, натыйжада балдары бар үй-бүлөлөр турак жайсыз калышкан. Жабырлануучулар жер участокторун да, аларга сарптаган каражаттарын да жоготушкан. Жер саткан адам соттолуп, камакка алынган.
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү аталган участоктор айыл чарба жерлеринин категориясына киргенин, ал эми айыл өкмөтү турак үй курууга уруксат бербегенин түшүндүрдү.
Президент Садыр Жапаров жарандарды жер сатып алууда этият болууга жана анын максаттуу багытын текшерүүгө чакырды.












