Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президентке берилген маалыматка ылайык, райондо агымындагы жылдын тогуз айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 16 млрд 250 млн сомду түздү. Негизги капиталга тартылган инвестициянын көлөмү 3 млрд 298,8 млн сомго жетип, 63,8%га өстү.

Ири инвестициялык долбоорлор

  • "Силк Вэй" соода борбору — 20 млн АКШ доллары инвестиция, 2 миң жумушчу орун түзүлөт;
  • "Манас" шаарчасы — 4,2 млрд АКШ доллары инвестиция;
  • "Чанхун" металлургиялык заводу — 18 млн АКШ доллары инвестиция, 500 жумушчу орун;
  • "Глобал Хаб" логистикалык борбору — 35 млн АКШ доллары инвестиция, 250 жумушчу орун.

2024–2026-жылдары райондо 41 объект курулуп, капиталдык оңдоодон өткөн. Алардын ичинде 15 мектеп, 7 бала бакча, 11 спорттук объект, 6 медициналык мекеме, 1 маданият үйү жана 1 китепкана бар.

Чечилиши керек болгон көйгөйлөр

Ошондой эле райондун биринчи кезектеги муктаждыктары көрсөтүлүп, аларды ишке ашырууга болжол менен 2 млрд сом талап кылынат. Атап айтканда, жолдорду жана тазалоочу курулмаларды куруу зарыл.

Карьерлерди иштетүүнү тартипке салуу маселеси да көтөрүлдү. Чечим катары тиешелүү участокторго өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары статусун берүү сунушталды.