Президент Садыр Жапаров 6-ноябрда Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Аламүдүн районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ири инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жана чечилиши керек болгон көйгөйлөр менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Өнөр жай өндүрүшү жана инвестициялар

Президентке берилген маалыматка ылайык, 2026-жылдын 9 айында райондо өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 16 миллиард 250 миллион сомду түздү. Негизги капиталга инвестициялар 3 миллиард 298,8 миллион сомго жетип, 63,8 пайызга өстү.

Негизги инвестициялык долбоорлор

4,2 млрддоллар — «Манас» шаарчасы
20 млндоллар — «Силк Вэй» соода борбору
18 млндоллар — «Чанхун» металлургиялык заводу
35 млндоллар — «Глобал Хаб» логистикалык борбору

Ири долбоорлордун катарында курулуп жаткан «Манас» шаарчасы аталды, анын инвестициялык көлөмү 4,2 миллиард доллар деп жарыяланды. Ошондой эле президентке «Силк Вэй» соода борбору тууралуу маалымат берилди, ага 20 миллион доллар инвестиция салынып, 2 миң жумуш ордун түзүү каралган.

Дагы бир долбоорлор — 18 миллион долларлык «Чанхун» металлургиялык заводу (500 жумуш орду) жана 35 миллион долларлык «Глобал Хаб» логистикалык борбору (250 жумуш орду).

Социалдык чөйрөдөгү жетишкендиктер

2024–2026-жылдары Аламүдүн районунда 41 объект курулуп, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Алардын ичинде 15 мектеп, 7 бала бакча, 11 спорт курулмасы, 6 медициналык мекеме, Маданият үйү жана китепкана бар.

Райондун көйгөйлөрү

Ошону менен бирге президентке райондун көйгөйлөрү баяндалып, аларды чечүү үчүн болжол менен 2 миллиард сом талап кылынары айтылды. Тактап айтканда, жергиликтүү маанидеги 35 чакырым жолду асфальттоо, маданият үйлөрүн куруу жана оңдоо, тазалоо курулмаларын, канализация тармактарын, эки көпүрөнү жана спорт залын куруу зарыл.

Мындан тышкары, карьерлерди иштетүүнү тартипке келтирүү зарылдыгы белгиленди. Мүмкүн болгон чечим катары тиешелүү участокторго өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусун берүү сунушталды.