10-ноябрда Жогорку Кенештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айсара Абдибаева кафе жана ресторандардагы тейлөө акысын жокко чыгаруу маселесин көтөрдү. Депутаттын айтымында, ишканалар кардарлардан тышкары тейлөө үчүн кошумча пайыз алып жатышат, ал эми мекемелер мурун эле киреше таап жатышат.
Коомчулукта тейлөө акысына каршы пикирлер көп. Ишканалар өз официанттарына өзү төлөшү керек, жарандар эмес.
Бул сунуш боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Беназир Нурланова тейлөө акысы тамактардын баасына алдын ала киргизилгенин билдирди. Бул чара жарандар төлөй турган жалпы сумманы алдын ала билүүсү үчүн жасалган. Бирок депутаттын айтымында, акыры баарын барысы эле кардарлар төлөп жатышат.
Ошондой эле жыйында тамак-аш бааларынын өсүшү талкууланды. Депутат салаттардын баасы мурда орточо 500 сом болсо, азыр 1000 сомго жеткенин белгилеп, баалардын көтөрүлүшүнүн негизин сурады.
салаттын баасы500 сом1 000 сом +100%
Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Айбек Мамыралиев баалардын калыптанышына тамактын өздүк наркы, имараттын ижара акысы, ишкананын өзүн-өзү актоо мүмкүнчүлүгү жана башка төлөмдөр таасир этерин белгиледи.









