Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев «Джунда» мунай иштетүүчүзаводунун тегерегиндеги экологиялык абалга байланыштуу кеңешме өткөрдү. Бул маселе Садыр Жапаровдун Чүй облусуна иш сапары учурунда Кара-Балта тургундары тарабынан көтөрүлгөн экологиялык көйгөйлөр менен тыгыз байланыштуу.
Кеңешмеде заводдун модернизациялоо процесси жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтуу боюнча кошумча чаралар каралды. Заводдун жетекчилигине тез арада зыяндуу чыроолорду азайтуу боюнча иш-чараларды аяктоо тапшырылды.
- Сероводородду бөлүп алуучу түзүлүштөрдү ишке киргизүү
- Мунай продукцияларын куюу жана төгүү системаларынын тыгыздыгын камсыздоо
- Агын суулардын уруксатсыз төгүлүшүн жоюу
- Буга чейин берилген көрсөтмөлөрдү аткаруу жана жакынкы аймакты жашылдандыруу
Ошондой эле Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине мурда берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерүү милдети коюлду. Министрлик өнөр жай чыроолоруна жана агын суулардын төгүлүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүшү керек.
Бакыт Торобаев тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын катуу сактоо зарыл экенин баса белгиледи.














